Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 100 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Анын ичинде:
Бишкек шаары – 44
Чүй облусу – 14
Ош облусу – 14
Талас облусу – 2
Нарын облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 18
Жалал-Абад облусу – 2
Баткен облусу – 4
Республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы 458 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 633 бейтап бар.
Жалпы айыккандардын саны 177 миң 599 бейтапты түздү.