Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук берүү бир аз төмөн болот

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук берүү бир аз төмөн болот. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Буденный, Гражданск, Гоголь, Сыдыков, Карпинск, Төрөкул Айтматов жана Чүй кең көчөсү менен чектешкен аймакта жүргүзүлгөн оңдоо иштерине байланыштуу аталган аймактарда саат 09:00дөн 18:00гө чейин жылуулуктун параметри төмөндөйт.

"Ысык суу менен камсыздоо штаттык режимде жүргүзүлөт", - дешти ишканадан.

"Бишкек жылуулук тармагы" келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан