Алматыда үч наристеси менен кошо 9-кабаттан боюн таштаган келиндин кошуналары ал жөнүндө айтып беришти. Алардын айтымында, бул үй-бүлө эч ким менен сүйлөшчү эмес. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Бул үй-бүлөнүн дагы бир коңшусу буларга токтолгон: "Жерде үч бала жатты, дарыгерлер өмүрлөрүн сактоого аракет кылышты, бирок экөө ошол жерден каза болгону аныкталды. Балдар жылаңач болчу. Мен аларды көргөндө абдан жаман болуп кеттим, ата-энелердин балдарына жасаган ушундай мамилеси кейитпей койбойт", - деген ал.
Көпчүлүк кошуналары бул үй-бүлө тууралуу толук эч нерсе билбейбиз деп айтып беришкен.
Айта кетсек, Алматыда 28 жаштагы келин 9-кабаттан алгач балдарын ыргытып, андан кийин өзү секирип кеткенин ачык булактар жазып чыгышкан. 2 баласы менен кошо өзү ошол жерден жан берип, бир баласы ооруканага жетпей каза болгон. Наристелер 2015, 2016 жана 2019-жылы туулган.