Бүгүн, 23-ноябрда Тажикстанда өтүп жаткан CAFA U-15 Championship эл аралык турниринин акыркы оюн күнүндө Кыргыз курамасы Иранга каршы ойнойт.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.
CAFA U-15 Championship эл аралык турниринде Кыргыз курамасы алгач Тажикстанга 5:0 эсебинде утулган. Андан кийин Өзбекстан курамасы менен беттешип 2:2 эсебинде тең чыккан. Бул көрсөткүч менен Кыргыз курамасы азырынча тайпасында акыркы орунда.
Турнирге 4 өлкөнүн курамалары катышууда.