"Кумтөр" кенинин алтын бөлүп алуу фабрикасында модернизациялоо иштери башталды. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Кумтөр" кениндеги алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 1996-жылы ишке киргизилген. Ошондон бери компания техникалык колдоо жана пландуу оңдоо иштери менен гана алектенип келет. Бирок техника бир орунда турбайт. Ошондуктан ишкананын абалы менен таанышып, тышкы менеджер Тенгиз Бөлтүрүктүн командасы масштабдуу модернизациялоо долбоорун иштеп чыгып, ишке киргизди. Биринчи кезекте эскилиги жеткен флотациялык машиналар алмаштырылат. Жаңы аппараттар толугу менен автономдуу болот. Натыйжада кенден алтынды алуу пайызы бир топ жогорулайт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Компания ошондой эле өз кызматкерлерин өнүктүрүүгө каражат жумшап жаткандыгын билдирди. Адистердин бир нече тобу буга чейин Казакстанда квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп келишкен, алар жакында Москвага кетишет.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө кендин башка өндүрүш ишканаларында, ошондой эле Балыкчы жана Бишкек шаарларында иштетүү процесстери башталган.