SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургуну кайрылган. Анда ал аталган айылдагы Б.Ходжаев атындагы орто мектепте 1-4-класстын окуучуларынан унга деп акча чогултуп жатканын билдирген.
Бул маселе боюнча Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимовго байланыштык.
Анын айтымына караганда, ата-энелер тарабынан чогултулган акча окуучулардын тамак-ашына жумшалат.
"Белгилүү болгондой, Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк программасы боюнча мектептерге ысык тамак киргизилген. Б.Ходжаев мектеби дагы 2016-жылы ошол программага киргизилип, балдарга ысык тамак берилип баштаган. Аталган программанын алкагында уюм 3 жыл мектепти ун менен камсыздайт. Андан кийин демөөрчүлөр же ата-энелер колдоп, аны улантып кетиши керек. Мындан улам ата-энелер бул ишти колго алып, демөөрчү болуп келишкен.
Мамлекет тарабынан балдардын тамак-ашына күнүнө 10 сомдон каралган. Бул ундан башкасына берилет. Мисалы, картошка, сабиз, пияз өңдүү продуктуларга бөлүнөт.
Мажбурлоо жок. Бир айга бир окуучуга ун алуу үчүн 30-40 сомдон туура келип калат. Каражатты мугалимдер чогултпайт. Ата-энелер комитети бар, алар эсептеп анан чогултушат.
Мындан тышкары ошол эле айылда демөөрчү болуп бир мүшөк картошка, өрүк бергендер да бар. Жергиликтүү тургун айткан 125 сом 3 айга унга чогултулган экен. Чогулуш болгондо баары менен макулдашып анан чечим кабыл алынат", - деп билдирди
Ошондой эле айыл жергесинде демөөрчүлөрдү табууда кыйынчылык бар экенин кошумчалап өттү.