Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу унаа көпүрө менен кошо кулап кеткени кабарланган.
Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Нурзаман Алимбековго байланышканыбызда, Ош шаары менен Папан айылын байланыштырган жолдогу көпүрө 11-ноябрдан тарта колдонулуп баштагандыгын билдирди.
Анын айтымында, көпүрөнү курууга каражат Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан бөлүнгөн.