Камакта отурган Гүлзат Мамытбек ачкачылыгын улантууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
"Ачкачылыгын улантууда. Абалы туруктуу, дарыгерлер абалын күнү-түнү көзөмөлдөп жатышат", - дешти басма сөз кызматынан.
Буга чейин, 16-ноябрда улуттук борбордун кызматкерлери Гүлзат Мамытбек жаткан абак жайына барышкан. Анда алдамчылыкка шектелген Гүлзат айым кызматкерлер менен сүйлөшүп, 14-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаганын, бирок расмий түрдө СИЗОнун жетекчилигине билдирбегенин айткан. Ал негизсиз айып тагылганын, анын маселеси жарандык процессте каралышы керек деп эсептерин, колунда бардык ырастоочу документтер бар экенин айткан.
Мындан тышкары Гүлзат Мамытбек Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин мекемелериндеги камак жайларынын начардыгына, тактап айтканда өз убагында кат-кабарлар жөнөтүлбөгөнүнө, кызматкерлердин орой мамилесине нааразы болгон.
Гүлзат Мамытбек 25-октябрда алдамчылык фактысына шектелип кармалган. 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алуу чечими тандалган.