3-класстын "Мекен таануу" китебинде да Кыргыз өлкөсүнүн картасы туура эмес көрсөтүлгөндүгү социалдык тармактарда жазылган болчу.
Бул боюнча Билим берүү министрлиги түшүндүрмө берди.
"3-класстын окуучулары үчүн "Мекен таануу" предмети боюнча окуу китеби 2014-жылы "Аркус басма үйү" ЖЧКсы менен биргеликте Е.А.Бухова, О.В.Солошенко, Е.П.Шаповаловадан турган авторлор тобу тарабынан жыйынтыкталган.
Ошол эле жылы 3-класстын окуучулары үчүн "Мекен таануу" окуу китеби Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан предметтик стандартка ылайыктуулугу боюнча кароодон өткөн. Бул окуу китебинин жумушчу дептери анын негизинде 2018-2019-жылдары иштелип чыккан", - деп жазылат билдирүүдө.
Авторлор басмалар менен чогуу даярдаган окуу китептери эми экспертизанын 4 түрүнөн: илимий экспертизадан, илимий-педагогикалык экспертизадан, антидискриминациялык жана гендердик экспертизадан өтүшөт, аталган үч экспертиза боюнча оң пикирлер алынган шартта окуу китептери практикалык-педагогикалык экспертизага (апробацияга) жөнөтүлөт.
"Окуу китеби экспертизалардын бардык түрлөрүнөн өткөндөн кийин авторлор бардык сунуштарды эске алуу менен аны кайрадан иштеп чыгышат. Андан кийин “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталды” деген грифти алуу максатында коллегияда кароо үчүн окуу китеби министрликке жиберилет", - деп кошумчалады Билим берүү министрлиги.
Окуу материалынын сапатын жогорулатуу жана мурда басылып чыккан окуу китептеринин каталарын жана так эместиктерин жоюу үчүн “Окуу китеби” борбору аларды кайра басып чыгарууда да экспертиза жүргүзөт.
Ушул тапта Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу “Мамлекеттик картография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси менен биргеликте кетирилген кемчиликтерди жоюу жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле министрлик тарабынан колдонуудагы окуу китептеринде жайгаштырылган карталарга кайрадан экспертиза жүргүзүү демилгеленди.
Андан тышкары аталган окуу китебине жана жумушчу дептерге жүргүзүлгөн экспертизанын жагдайларын айкындоо боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт.
Министрликтен билдиришкендей, "Аркус басма үйү" ЖЧКсынын сүрөтчүлөрү жана дизайнерлери окуу китебинин текстин түзүүдө төмөнкү булактан алынган картанын сүрөтүн пайдаланышкан.
https://ru.depositphotos.com/vector-images/карта-кыргызстана.html