Бишкекте август айында жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн тактоого милиция жардам сурайт

Ушул жылдын 7-август күнү Эркиндик бульвары менен Сагынбай көчөлөрүнүн кесилишинен эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз денеде күч колдонуу белгилери аныкталган эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Өзгөчө белгилери: Бою 180 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү "Россия" деген жазуусу бар спорттук кийим жана спорттук шым, ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү жарандын аты-жөнүн билген болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0312 352-605, 0705 450-553, 0553 102-465, 0551 088-330 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан