SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн тургуну кайрылган. Анда ал мамлекет тарабынан арзан баада сатылып жаткан көмүрдүн сапатына нааразы болду.
Бул боюнча президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Көмүрдүн көрүнүшү майда. Бирок күйгөндө эч кандай көйгөй жок. Колориясы 5 жарымдан жогору. Тургундар үйүнө барып жагып көргөндөн кийин кайра келип алып жатышат.
Көмүр Өзгөн районундагы 15 Жаш айылындагы карьерден ташылып келет", - деп билдиришти.