20-ноябрда Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн иш-чарадагы өлкөнүн картасынын сүрөтү түшүрүлгөн баннер окуясы боюнча Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Белек Калыков кызматтан кетти. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.
Ошондой эле мамлекеттик иш-чараны уюштуруу бөлүмүнүн жетекчилерине сөгүш берилген. Басма сөз кызматынын жетекчиси Белек Калыков кызматтан кетүү арызын жазган жана ага башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койгон.
SUPER.KG порталы Башкы прокуратуранын маалымат кызматына кайрылганда, бул боюнча маалымат берилбей турганын айтышты.