Кечээ, 22-ноябрь күнү Бишкек шаарынын 7-Апрель жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калып, жөнөкөй жаран жол кыймылын көзөмөлдөп жаткан видео тараган.
Бул боюнча патрулдук милицияга байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Кечээ күнү болгон окуя, биздин кызматкерлер дароо барышкан, алар барганда бул жаран жок болчу. Жол чырак саат 15:00дө ишке кирген. Электр жарыгы өчүп калгандыгына байланыштуу жол чырак бир саатка жетпеген убакыт өчүк турган", - дешти мекемеден.