Сузакта дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы Сумаяны бүгүн дагы 100дөн ашык адам издөөдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9 жаштагы Сумая Хосилжанова дайынсыз болуп 5 күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына атасы Уткирбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымына караганда, Сумаяны Ош, Кара-Сууга чейин барып издеп жатышат.

"Акыркы жолу эжеси көргөн. Ал мектептен кайтып келе жатып жолдо Сумаяга кол кабын берген экен.

Бейшембиден бери издеп Ош, Кара-Сууга чейин бардык. Табыла элек. Бүгүн дагы 100дөн ашык адам издеп жатат", - деп билдирди Сулайманов.

Ошондой эле ал элден кызын табууга көмөктөшүүнү суранды.

Маалымат үчүн:

Сумайя Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-11-23 18:59:27
Табылып калса экен, жакшы көпчүлүк издеп атышат экен.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан