Кыргыз улуттук тарых музейинде 7-апрелге байланыштуу 4 стенд коюлду. Бул тууралуу маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.
Анын айтымына караганда, музейдин ачылышында 7-апрель окуясына арналган бир стенд коюлган болсо, ага дагы 3 стенд кошулган.
"7-апрель окуяларына байланыштуу сүрөттөр, китептер ачылыш аземинде эле турган. Мындан тышкары мультимедиа бөлүмү бар. Ал жакта бүтүндөй сүрөт, видео архив бар. Ар бир баатырдын өмүр-таржымалы электрондук түрдө киргизилген. Анын баары турат.
Эмнеге нааразычылык келип чыгууда? Мурда музей курулуп жатканда Апрель окуясына катышкандардын буюмдары коюлсун деп берилген экен. Ошолорду коюу боюнча талап коюлган. Бирок 7-апрель баатырларына арнап Ата-Бейит меморалдык комплексинде "Таазим" деген музей ачылган. Ошол жерде баатырлардын жеке буюмдарын койгонбуз.
Тарых музейинде дагы аталган окуяга тийиштүү буюмдар болсун деген бир нече талаптар айтылган соң музейдин жетекчилиги менен сүйлөшүлүп, 4 стенд коюлду", - деп билдирди министр.
Белгилей кетсек, 19-ноябрда беш жылдан бери оңдоп-түзөө үчүн жабык турган Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өткөн.
Маалымат үчүн:
Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоп-түзөө иштерине аталган театрдын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 44 миллион 722 миң сом бөлүнгөн.
Тарых музейи 2016-жылы жабылып, реконструкциялоо башталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы керек эле. Бирок жасалуучу жумуштар соңуна чыкпагандыгына байланыштуу музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Музейин оңдоодо 118 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулганын Башкы прокуратурадан тастыкташкан.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуттук тарых музейинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
Мындан сырткары депутаттар Тарых музейинин абалы менен таанышып, көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда эл өкүлдөрү реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда Кыргыз мамлекетинин эгемендик күнүнө карата ишке киргизүүнү белгилешкен.
Белгилей кетсек, 18-май - музейлердин эл аралык күнү. Дүйнө коомчулугу музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет.