Буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №31 абактын кызматкери Акжол Раимбердиев коомчулукка видео кайрылуу жасап, аны жетекчиси Таалай Асанбаев мыйзамсыз иштен кетүүсүн талап кылып, кысым көрсөтүп жатканын билдирген. 22-ноябрда Акжол Раимбердиев SUPER.KG порталына кайрылып, кызматтан кеткенин билдирген. Бүгүн, 23-ноябрда ЖАМКнын басма сөз кызматы Акжол Раимбердиев эмне себептен кызматтан алынганын SUPER.KG порталына айтып берди.
"2021-жылдын 2-октябрында Раимбердиев ютубга мекеменин кызматкерлеринин жана жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттери тууралуу видео тараткан. Жогорудагы фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жүйөлөрү тастыкталган эмес, такталбаган маалымат тараткандыгы үчүн ага катуу сөгүш түрүндө дисциплинардык жаза колдонулган. Андан кийин ротациянын тартиби менен №8 мекемеге ушундай эле кызматка которулган.
27-октябрда Раимбердиев аны ротациялоо чечимине макул эместигин билдирип, өзүн-өзү өрттөй турганын билдирген. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн ЖАМКнын төрагасы Аскат Эгембердиев бир катар кызматкерлердин катышуусунда анын бардык аргументтерин жана дооматтарын укту. Ага маселелерди мыйзамдуу жол менен чечүү сунушталды. Ага карабай ал мыйзамдын тартип сакчысына коюлган талаптарын бузуп, социалдык тармактарда такталбаган маалыматтарды тараткан.
Ноябрь айынын башында Раимбердиев президентке кайрылуу жасап, анда алар ага айыккыс дарттарды жугузууну көздөп жатышканын айткан. Бул билдирүүлөр боюнча кызматтык иликтөө да жүргүзүлүп, жыйынтыгында Раимбердиевдин жүйөлөрү тастыкталган эмес. 16-ноябрда Раимбердиевди мыйзамдардын талаптарын одоно сактабаганы үчүн жаза-аткаруу тутумунан бошотуу жөнүндө буйрук чыгарылган.
Мындай жүрүм-турум мамлекеттик кызматкердин, өзгөчө жаза аткаруу системасынын кызматкеринин кызматтык ишмердүүлүгүнө туура келбейт. Ошондой эле бардык колдо болгон видеоматериалдар Юстиция министрлиги тарабынан жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө үчүн прокуратура органдарына юридикалык баа берүү үчүн жиберилерин белгилей кетүү керек", - деп жазылат маалыматта.