Футбол боюнча Дүйнө чемпиону, легендарлуу аргентиналык футболчу Диего Марадона жүрөгү жок жерге коюлду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, анын жүрөгүн уурдоо тууралуу маалыматтар түшкөндөн кийин дарыгерлер футболчунун жүрөгүн алып салышкан. Дарыгерлер жүрөктү изилдөөнү улантышууда. Футболчунун жүрөгү 500 грамм болгон. Ал эми дени сак адамдардын жүрөгү 300 грамм гана болорун дарыгерлер айтышкан.
Футбол легендасы Диего Марадона 60 жашында 2020-жылдын 25-ноябрында Буэнос-Айрес шаарындагы үйүндө кокусунан жүрөгү токтоп калып каза болгон. Кийинчерээк Марадонанын жүрөгү кадимкидей көлөмдөн эки эсе чоң болгону аныкталып, изилдөөгө алынган.