"Жаздын камын күздө көр". Бишкектин гүлзарларына 150 миң даана жоогазын отургузулду

Борбор калаанын гүлзарларына 150 миң даана жоогазын гүлдөрү отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Эми шаардыктар жазында Жаштар аллеясында, Пушкин көчөсүндө, Курманжан Датканын эстелигинин жанындагы Театралдык паркта жана Фрунзе менен Ибраимов көчөлөрүндө, Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги жоогазындардын кооздугунан ырахат ала алышат", - деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, былтыр жазында борбор калаада 130 миң жоогазын гүлдөгөн.

Белгилей кетсек, жоогазындар соолуп калгандан кийин баштарын кылдаттык менен казып, кургатып, кийинки күздө кайра отургузушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан