"Акчалай сыйлыктар берилет". ИИМ жарандарга өз ыктыяры менен курал-жарактарды тапшырууну эскертет

Ички иштер министрлиги жарандарга өз ыктыяры менен курал-жарактарды тапшырууну эскертет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Республикабыздын бардык аймактарында милиция кызматкерлери “Арсенал” аталышындагы профилактикалык иш-чараларын өткөрүүдө.

"Жазык кодексинин 253-беренесинде “куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” кылмышты жасагандыгы үчүн 60 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөдөн 2 жыл 6 айга чейин кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган. Ошондой эле курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырган учурда жарандар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп акчалай сыйлыктар болот", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан