Электр энергиясын дүңүнөн алып сатуучу компаниялар электр энергиясын чектен ашык колдонуп жатканы аныкталды

23-ноябрга карата электр энергиясын дүңүнөн сатып алып, кайра сатуучулар электр энергиясын чегинен ашык колдонууда. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Бишкек шаары боюнча "Электросила" компаниясы тарабынан суткалык керектөө 559,4 миң кВт саат болсо, иш жүзүндө 853,2 миң кВт саатты, "Энерготехсервис" ишканасынын суткалык керектөө планы 180,2 миң кВт саат болсо, иш жүзүндө 314,7 миң кВт саатты, Чүй району боюнча "Глобал Энержи" чакан компаниясынын суткалык керектөө планы 150 миң кВт саат болсо, иш жүзүндө 192,8 миң кВт саатты түзгөн.
"Ушуга байланыштуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы ири жана өндүрүштүк абоненттерге электр энергиясын үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, энергияны көп талап кылган өндүрүштүк объектилерди өчүрүү менен чектөө чараларын, ошондой эле электр энергиясынын топтолушу боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен иш-чараларды жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасы бардык керектөөчүлөрдү энергияны үнөмдөөгө жана жылуулук үчүн электр энергиясын колдонбоого чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан