
Өлкөдө 26-ноябрдан тарта аба ырайы өзгөрүп, суук түшөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 26-27-ноябрда айрым аймактарда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын жаайт. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетип, абанын температурасы кескин төмөндөйт.
26-27-ноябрда:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4… -9 суук;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7… -12°, күндүз 0… -5;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1… -6 суук, күндүз 1…6 жылуу;
27-28-ноябрда:
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8… -13, күндүз -1… -6 градус суук;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7, тоолуу райондордо түнкүсүн -22… -27, күндүз -10… -15 суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.