5 жаштагы кыздарга ыдык көрсөткөн кишиге карата милиция кызматкерлери дароо чара көргөн эмес деген билдирүү боюнча Талас ОИИБи түшүндүрмө берди. Облустук башкармалыктан билдиришкендей, милиция кызматкерлеринин бардык иш-аракеттери мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актыларынын алкагында жүргүзүлүүдө.
"Ички иштер башкармалыгына түшкөн бардык маалымат алгач электрондук маалымат журналына жазылат. Андан соң ал жерге атайын топ жөнөтүлүп, маалыматтын тууралыгы текшерилет. Процессуалдык көрсөтмөлөргө ылайык, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат", - дешет маалымат кызматынан.
Ал эми сексуалдык ыдык көрсөткөн окуя боюнча мекемеден буларга токтолду.
"Ушул жылдын 3-сентябрында Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө май куюучу жайдын жанында белгисиз адам колуна бычак алып, жаңжал чыгарып жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, текшерүүнүн жүрүшүндө Талас шаарынын тургундары кыздарына карата ыплас аракеттерди жасагандыгы үчүн кошунасынан түшүндүрмө берүүнү талап кылышканы аныкталган. Жаңжал чыгарып жатат делинген жаран Талас шаарынын 22 жаштагы тургуну А.Т. экени такталган.
Бул кылмыш оор деп эсептелгендиктен ошол эле күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 1-берененин негизинде тергөө амалдары башталган. Ал эми кылмышка шектүү кармалып, тергөө амалдары башталган.
Бул күндөр дем алыш күндөрүнө (ишемби, жекшембиге) туура келгендиктен айрым соттук-медициналык экспертизалар дүйшөмбүгө чейин созулду. 6-сентябрда соттун чечими менен шектүү Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Окуя боюнча тергөө иштери аяктап, 30-сентябрда сотко жөнөтүлгөн. Кошумчалай кетсек, бул окуяда жабыркаган кыздардын ата-энелери милиция кызматкерлеринин аракетсиздиги боюнча арыз менен УКМКга кайрылганын маалымдайбыз. Бул факты боюнча УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы текшерүү иштерин жүргүзүп, кылмыштын курамы жок болгондуктан текшерүү токтотулган", - дешти басма сөз кызматынан.
Буга чейин Талас шаардык соту беш жана алты жаштагы үч кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелип жаткан 22 жаштагы жарандын ишин карап жатканы маалымдалган. Анда соттук отурум 24-ноябрда уланарын Кыйноого каршы коалициянын басма сөз кызматынан билдиришкен.