Сокулукта 9 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы эки курбу аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Издөө иштеринин натыйжасында, кыздар табылып, ата-энесине өткөрүп берилген. Алар Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылган.
Сокулукта 15 жаштагы курбу кыздар Айсезим Замирбек кызы жана Зыйнат Иманказы кызы 14-ноябрда Военно-Антоновкадагы үйлөрүнөн саат 13:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.