"Алты жылдан бери жылуулук жок". Жаңы курулган көп кабаттуу үйдүн жашоочулары нааразычылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн биринин жашоочулары 6 жылдан бери жылуулук берилбей жатканын айтып нааразычылык акциясына чыгышты. Батирдин Айпери Жумабекова аттуу жашоочусу буларга токтолду.

"Биз "Аалам Строй" курулуш компаниясынан алты жыл мурун батир сатып алганбыз. Ошондон бери жылуулук системасы жок. Келишим боюнча Борбордук жылытуу системасы кошулмак. Ага бүгүнкү күнгө чейин кошулбай келет. Үйдө бала-бакырабыз менен үшүп жатабыз. Айрым кошуналарыбызга суук тийип ооруканага жатып чыгышты. Кышында жылыткыч саябыз. Электр энергиясына көп акча каражат чыгып келет. Газ менен жылытуу системин кошуп беришкен. Бирок ал жылыта албай койду. Үйдү сатып жиберели десек документи жок. Компаниянын кызматкерлери көйгөйүбүздү айтып барсак угушпайт. Башында батирди укмуш мактап сатышкан. Биз тезирээк жылуулук маселесин чечип берүүнү талап кылабыз. Чыдабай калдык. Азыр бул компания укмуш жарнамаларды жасап үйлөрүн сатып жатышат. Башка элдер да биз өңдөнүп алданбасын", - дейт ал.

"Аалам Строй" курулуш компаниясынын жетекчиси Мелис Иманалиев буларга токтолду.

"Мэрия бизге борбордук жылытуу системасына туташууга уруксат бербей жатат. Анткени кубаттуулук жетпейт экен. Алар газ менен жылытуу системасына өткүлө деп жатышат. Ал эми жашоочулар Борбордук жылытуу системасына кошулууну талап кылып жатышат. Эмне кылышты билбей турабыз" - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан