Балдарды өнүктүрүү, тарбиялоого онлайн платформа киргизилди

Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФ балдарды өнүктүрүү боюнча ата-энелер үчүн билим берүүчү жана онлайн платформаны сунуштады. Бул үчүн бүгүн атайын маалымат жыйындар жана бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.


Алгач КТРКнын имаратында жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйыны болуп, анда ЮНИСЕФ жана Билим берүү минитрлигинин өкүлдөрүү платформа тууралуу маалымат беришти.


ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык директору Афшан Хан:
"Окуу паспорту" 3төн 6 жашка чейин билим берүүгө арналган. Ата-энелерге жана балдарга маанилүү тиркемелерден болот деп ойлойм. Ковид-19дун айынан мекемелер, мектептер жабылып калганын көрдүк. Кайталанбас, эгер кайталанып калса балдардын билим алуусуна кошумча болот” Афшан айым муну менен катар максатыбыз – мындан ары дагы жогорку класстар үчүн кеңейтип кошумча материалдар менен байытып өнүктүрөлү деп жатабыз. Кошумча материалдарды балдар, ата-энелер таба алышса, билими бир топ деңгээлге жетет деп ишенебиз", - деп билдирди.


Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мобилдик тиркеменин маанилүүлүгү тууралуу буларды айтты.

"Ата-энелерге кандай жардам, ресурс берсек деп турганда ЮНИСЕФтин онлайн платформасы дал ошол оюбузду ишке ашырып жатат. Системалуу жана комплекстүү идея берилди. Бардык балдар бала бакчага барышпайт. Андыктан бул тиркеме аркылуу пайдалуу аудио, видео материалдар балдардын аң-сезиминин жетишүүсүнө өбөлгө болот. Баладагы эмнени өнүктүрүш керек, жүрүм-турумунда дагы эмнелер жаралышы мүмкүн? деген маселелердин бардыгына бул тиркемеден жооп таба аласыздар. Баланын курсакта жаткан кезинен тарта төрөлгөндөн кийин интенсивдүү маанилүү учурлар. Туура тамактануу, ден соолугуна кам көрүү, дегеле бала чоңойтууда эмнеге кеч басты, сүйлөй элек деген сыяктуу толгон токой көйгөйлөр бар. "Bebbo" мобилдик тиркемесин башка өлкөлөрдөгү балдардай эле социалдашып, өнүгүп, тили убагында чыгып, сүйлөгөнү, ойлогону, когнитивдүү жөндөмдүүлүгү жакшы өнүгүп калса деген максатта түздүк”, - дейт Жусупбекова.


Мындан соң КТРКнын "Bebbo" үчүн кооздолгон студиясында билим берүү министрлигинин адистери, ЮНИСЕФ өкүлдөрүнүн жана мобилдик тиркемени колдонуп көргөн ата-энелердин катышуусунда кеңири маек уюштурулуп, телекөрүүчүлөргө маалымат берилди.


"Bebbo`ну" колдонуп көргөн Марлен Алишев жаңы санариптик тиркеме жөнүндө буларды айтты.

"Ымыркай ооруйт экен, ыйлайт экен. Ошол учурда эне-атага маалымат жетишпей эмне кыларыңды билбей калат экенсиң. Бул жердеги макалалар кызыктуу, абдан пайдалуу экен. Андан соң баланын өсүшү менен башка суроолор башталат экен. Ага да маалымат керек да. Чындыгында интернетте ар түрдүү маалыматтар көп дечи, бирок аларга ишене албайсың, анткени тастыкталган эмес".

"Билимдүү муун" окуу паспорту жана "Bebbo" мобилдик тиркемеси балдар үчүн жашоонун эң жакшы башталышын камсыз кылууда ата-энелер үчүн практикалык, туруктуу санариптик платформа катары кызмат өтөйт. Алардагы бардык материалдардын бардыгы балдардын жаш курагына жараша муктаждыктарын канаатттандыруу максатында иштелип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан