Япония атайын долбоордун алкагында Кыргыз өлкөсүнүн 2 миңге чукул мектебине 4 миллион доллар бөлдү

ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Афшан Хан жана Япониянын Кыргыз жергесиндеги элчиси Шигеки Маэданын катышуусунда Бишкек шаарындагы №9 билим берүү мектебинде "Балдардын климатка жана жаратылыш кырсыктарынын тобокелчиликтерине туруктуулугун жогорулатуу" программасынын алкагында иш-чара өткөрүлдү.

Бул долбоор жакында эле башталды жана 3 жылга созулат. Аны Япония мамлекети каржылап 4 миллион доллар бөлгөн. Аталган долбоор өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери менен биргеликте, ошондой эле ЮНИСЕФтин ыктыярчыларынын программалары менен ишке ашырылып жатат. Ага республика боюнча 1800 мектепте 1 миллион окуучу камтылат.

Иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары ЮНИСЕФ ыктыярчыларынын жана мектеп администрациясынын жетектөөсүндө өзгөчө кырдаал жана климаттык катастрофа учурундагы эрежелерди демонстрациялап, коопсуз кылып көрсөтүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан