Шайлоо өнөктүгүнө катышкан бир катар маданият жана спорт тармагынын кызматкерлери кызматтан бошотулду

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун иш-аракеттерине катышкан бир катар маданият кызматкерлери кызматтан бошотулуп, дисциплинардык чара көрүлдү. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдайт.
"Бул аракет Садыр Жапаровдун "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарын эркин, таза жана ачык айкын өткөрүүнү камсыз кылуу чаралары жөнүндөгү" жарлыгын ишке ашырууну көздөйт. Министрлик тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга, кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын кайсы бир талапкердин же саясий партиянын пайдасына колдонууга тыюу салуу тууралуу буйрук чыккан. Бул буйрукту бузган учурда тартип жазасына же болбосо ээлеген кызматынан бошотулары так белгиленген", - дешет маалымат кызматынан.
Шайлоо өнөктүгүнө катышкандагы аныкталып кызматтан кеткен жана чара көрүлгөн кызматкерлерин тизмеси:
Маданият:
1. С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Ж.С. – иштен бошотулду;
2. “Манас” театрынын директору А. уулу Б. – өз арызы менен иштен бошотулду;
3. Алай районунун маданият үйүнүн директору И.Э. – өз арызы менен иштен бошотулду;
4. А.Сүйүнбаев атындагы Куршаб балдар музыкалык мектебинин мугалими А. уулу М. – сөгүш берилди;
5. Кыргыз Улуттук "Манас Ордо" комплексинин директорунун орун басары – сөгүш берилди;
Спорт:
6. Токмок шаарындагы бокс боюнча машыктыруучу М.И.Д. - өз арызы менен бошотулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан