КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кино оператор Мурат Алиев Asia Pacific Screen Awards эл аралык сыйлыгына талапкерлердин катарына кирди. Бул тууралуу “Айтыш фильмдин” басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-эл аралык сыйлыктын талапкерлеринин катарына режиссёр Эрмек Турсуновдун “Шал” аттуу тасмасы (Казакстан) киргизилген. Тасманын коюучу оператору Мурат Алиев “Мыкты оператор” номинациясына талапкер болду.
2013-жылы аталган номинацияга 39 тасма көрсөтүлдү. APSAнын сыйлык тапшыруу салтанаты 2013-жылдын 12-декабрында Австралиянын Брисбен шаарында өтөт.