13 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Никита Касымов аман-эсен табылды


Бишкекте 13 күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан Никита Касымов аман-эсен табылды. Ал бүгүн, 23-ноябрда саат 18:30 чамасында Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинен аныкталды. Бул туурасында Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Милиция кызматкерлери өспүрүм жана анын ата-энеси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин жасашты. Учурда Никитанын дайынсыз болуп кетүүсүнүн себептери аныкталып жатканын кошумчалашты мекемеден.

Буга чейин Бишкек шаарында 11 жаштагы Никита Касымов 13 күндөн бери дайынсыз болуп жатканын айтып милиция кызматкерлери аны издөөгө көмөк сурап кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shbdn
2021-11-24 07:46:11
Шумшук каякта журду экен суукта.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан