Киши колдуу каза болгон журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө шектүү соттон мунапыс сурады. Бул туурасында Жазаларды аткаруу мамлекетти кызматы тарабынан белгилүү болду.
Мекемеден кабарлашкандай, шектүү УКМКнын мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкулов Аламүдүн райондук сотунан амнистия сурады. Учурда айыпталуучу №27 колонияда жазасын өтөп жатат. Ал 17 жылга эркинен ажыратылган.
Журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы декабрь айында Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйдөн ыргытылып, бир нече күн ооруканада жатып, комадан чыкпай каза болгон. Аны коомчулук Курманбек Бакиевдин учурунда бийликтен кордук көрүп, режимдин колунан өлүм тапкан курмандыктардын бири деп билет. Павлюк өлтүрүүлөрдүн алдында оппозициялык маанайдагы “Белый пароход” гезитин жетектеп, "Ата Мекен" партиясынын интернет-басылмасын жана гезитин чыгармакчы болуп жүргөн.