Кыргыз өлкөсү аймактар ортосунда түз аба каттамдарын ачууну каалайт

Кыргыз өлкөсү аймактар ортосунда түз аба каттамдарын ачууну каалайт. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта Бишкек-Ош, Бишкек-Баткен, Бишкек-Исфана багыттары боюнча каттамдар бар жана алардын баары борборго байланган.
"Биз кичи авиациянын өкүлдөрү менен Бишкекти айланып өтүү менен бардык облус борборлорун түз байланыштыруу боюнча горизонталдык коммуникация программасын иштеп чыгуу боюнча сүйлөштүк", - деди Настаев.
Настаев келерки жылдын аягына чейин бир, эки авиакомпанияны ишке киргизүү пландалып жатканын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nukura_jigit
2021-11-23 23:45:15
Жакшы болот эле
+2
Datka7777
2021-11-24 02:45:10
Озунордун самолётунар жок кантесинер?
0
jigit.paren
2021-11-24 07:16:53
Эң сонун болот эле Каракол Бишкек каттамы ачылып калса кана атаң көру
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан