Кыргыз аба компаниялары Евробиримдиктин кара тизмесинен дале чыга элек. Андан чыгуунун жолу айтылды

Кыргыз өлкөсүнүн авиа компаниялары бүгүнкү күнгө чейин Евробиримдиктин кара тизмесинде. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев "Спутник" маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

Айтымында, кара тизмеге кирүүнүн негизги себеби коопсуздук маселесине байланыштуу.

"Көпчүлүк негизги көйгөй катары айлык акынын аздыгын айтышат. Мен буга таптакыр макул эмесмин, азыр агенттиктин айлыктары абдан жогору. Евробиримдиктин кара тизмесине кирүүбүздүн негизги себеби - коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча толук ченемдердин жоктугу. Бул стандарттык операциялык жол-жоболор так жазылган эмес дегенди билдирет.

2009-жылы өкмөттүк программа бекитилген, бирок ал эскирген жана заманбап коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Андан бери 12 жыл өттү, аны жакшыртуу, өзгөртүү керек, биз авиациялык эрежелерди, Аба кодексин жакшы жаздык, бирок аларды ишке ашыруунун жол-жоболорун киргизе элекпиз. Ошондуктан кара тизмеден чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат. Иш жүзүндө жаңыдан башташ керек, азыр ошону аткарып жатабыз. Президент Садыр Жапаров бир жылдан кийин кара тизмеден чыгабыз деген милдетти койду.

Кара тизмеден чыгуу үчүн биринчи кезекте агенттиктин түзүмүн жана иштеп жаткан ченемдик укуктук базаны толугу менен кайра карап чыгуу зарыл. Бул 3-4 айга созулат", - деп белгиледи Настаев.

Евробиримдиктин маалыматына караганда, кара тизмеге коопсуздук маселесин чече элек авиакомпаниялар кирди. Ата мекендик авиакомпаниялардын баары 2006-жылдан бери кара тизмеде. Андан чыгуу үчүн эл аралык стандарттарга туура келерин далилдөө керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан