Президенттин учагы эскиргендиктен жыл сайын көп чыгымды талап кылынары айтылды

Кыргыз өлкөсүнүн президентин ташыган учак эскирген. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев брифингде айтты.

Брифингде Настаевден президентке качан жаңы лайнер берилерин сурашты.

"Жарандык авиация агенттиги чарбалык субъект болуп эсептелбегендиктен №1 учагын качан алмаштыруу керектигин аныктай албайт. Президенттин учагы эскиргендиктен, анын учууга жарамдуулугун жана учуу коопсуздугун сактоо үчүн жыл сайын көбүрөөк чыгым талап кылынат. Учакты алмаштыруу боюнча маселени аны иштеткен авиакомпания жакшы билет", - деп жооп берди Настаев.

Ал өлкөнүн расмий делегацияларын ташуу менен "Эйр Кей Джи" авиакомпаниясы алектенерин кошумчалады.

Айта кетсек, Садыр Жапаровдун Глазгого (Улуу Британия) болгон сапарында президенттик администрация бизнес-класстагы менчик Embraer Lineage 1 000 учагын ижарага алган. Өлкө башчысын ташыган №1 борт (Ту-154) Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, ушундай кадам жасалганы айтылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Men_ele
2021-11-24 01:30:08
Жаңы алыш керек ии...
+6
Datka7777
2021-11-24 04:10:58
Бар самолётту сатып жиберип эми
0
Aimani
2021-11-24 08:59:50
Тонкий намек на толстые обстоятельства.
+2
dosym
2021-11-24 12:43:26
Намёк кылат го))
0
Bekturbek
2021-11-24 13:23:52
Негизи алыш керек туугандар, өзүңөр да мейманчылыкка барсаңар жасанып, жакшы машиненди айдап барасыңар го? Ал падыша болсо, Кыргызстандын атынан башка жака барат, алыш керек элдин күзгүсү падыша.
0
Antiradikal10
2021-11-24 16:11:38
30 жылдан бери падышаларынар хан сарайларда жашап, эл жебегенди жеп-ичип, эл кийбегенди кийип, падышалык доорду суруп эле келишет.

Баягы эле жокчулук, жумушсуздуктун айынан тентиген карапайым эл.

Анан ошого да каниет кылбай самолет жаны болсун, бул мындай болсун деген подхалимдер тойгузду.......

Эл кантип жашап жатат деп ойлогондун ордуна, бугунку кымбатчылык шартта.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан