Ош шаарында ушул жылдын аягына чейин 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет.
Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы мектеп Жапалак аймактык башкармалыгындагы Орке айылында жайгашкан. Мектептин курулуш иштери менен вице-мэр Венера Рыскулова таанышып чыкты. Сауд Аравиянын өнүктүрүү фонду тарабынан курулган билим уясына 987 миң 500 доллар акча каражаты жумшалган.
Мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен шаардын бюджетинин эсебинен Түлөбердиевдин эстелиги тургузулду. Аны менен катар имараттын айланасын асфальттоо иштери башталды.