Мессенжерлер аркылуу транспорт каражаттарына байланыштуу аудио тарап жатат. Анда ушул жылдын 1-декабрынан баштап унаа башкарууга келишим кат, унааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү керектиги, мас абалда унаа башкаргандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажырап, текшерүүлөр жүргүзүлүп, талапка жооп бербегендерге чаралар көрүлөрү айтылат.
Республикалык жол ыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тарап жаткан аудио чындыкка дал келбей турганын кабарлады.
"Башкы башкармалык айрым мыйзам ченемдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштаган. 2021-жылдын 1-декабрынан баштап “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси” күчүнө кирип иштеп баштайт. Кодекстин 193-беренесине ылайык мас абалында унаа башкарган айдоочуга 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (17 миң 500 сом) айып салууга же болбосо 30 сааттан 40 саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартууга алып келе тургандыгын жана ушул эле кодекске башка кошумча өзгөрүүлөр киргизилгендигин билдиребиз", - дешет маалымат кызматынан.