Казакстанда 21 жаштагы жаран компьютерин сындырып салганы үчүн агасын балка менен сабап өлтүрдү

Казакстандын Жаркент шаарында 21 жаштагы жаран компьютерин сындырып салганы үчүн агасын балка менен сабап өлтүрдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Билдирүүгө ылайык, 21-ноябрь күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө турак үйлөрдүн биринен 30 жашагы жарандын киши колдуу болгон жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

"Ыкчам топ шектүү катары маркумдун инисин кармашкан. Тергөөдө окуя болгон күнү апасы менен атасы түнкү нөөмөткө жумушка кеткенин айткан. Түн ортосунда агасы мас абалында коноктон келип, экөөнүн ортосунда чыр-чатак чыккан. Мындан улам агасы анын компьютерин сындырып салган. Андан соң шектүү аны үйдө колдонулуп жүргөн балка менен бир канча жолу чаап салган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан