Ысык-Көлдө тургундун унаасын айдай качкан жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда унааны айдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Балыкчы ШИИБине жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адамдар түн ичинде үйүнүн жанында турган ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз тарапка айдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучу 80 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян тарткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында уурдалган унаа Тоң районунун Кара-Талаа айылынын жанынан табылып, ээсине кайтарылып берилген.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү кармалып, милицияга алып келинген. Ал Кара-Талаа айылынын 36 жаштагы тургуну С.Р. болуп чыккан. Алгачкы суракта өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан