Түрк лирасынын долларга карата курсу тарыхый эң төмөнкү чегине түшүүнү улантууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, түрк лирасы 5 пайызга төмөндөп, АКШ долларына карата 12,73 жана еврого карата 14,30 болуп, тарыхый эң төмөнкү чегине жетти. Ошондой эле түрк лирасы быйылкы жылдын эң начар өнүгүп келе жаткан валютасы аталган. Лира 2021-жылы өз наркынын 38 пайызын, анын ичинде өткөн аптанын башынан бери 17 пайызын жоготкон.
Лиранын долларга карата курсу быйыл 30 пайызга, ал эми төрт жылда 64 пайызга жакын төмөндөп, эки орундуу инфляция менен бирге Түркия жарандарынын кирешесине да таасир эткени айтылууда.