Соңку суткада республика боюнча 94 бейтап коронавирустан сакайды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматта жазылгандай, стационардык дарыланууда жалпы 454 адам, ал эми амбулатордук дарыланууда 582 бейтап бар.
COVID-19 илдетинен сакайгандар:
Бишкек шаары – 45
Чүй облусу – 15
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 17
Жалал-Абад облусу – 8
Баткен облусу – 8
Жалпы айыккандардын саны 177 миң 693 бейтапты түздү.