Бүгүн, 24-ноябрга караган түнү Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 5-турдук оюндары болуп өттү.
Анда "F" тайпасында Испаниянын "Вильярреал" командасы өз үйүндө "Манчестер Юнайтед" клубун кабыл алып, 0:2 эсебинде утулду.
Бул жеңиштин аркасында “Манчестер Юнайтед” клубу тайпада жалпы 10 упай топтоп, Чемпиондор Лигасынын плей-офф оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алды. Тайпалык этаптын акыркы турунда "Вильярреал" "Аталанта" менен ойнойт.
"Вильярреал" - "Манчестер Юнайтед" (0:2);
Голдор: Криштиану Роналду (78-м), Жейдон Санчо (90-м).