Өлкөдө бир жыл бою жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берилбейт

Өлкөдө билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жогорку медициналык билим берүү программасы боюнча лицензия берилишине убактылуу мораторий киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Мындай чечим Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү медициналык кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынган. Ага ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 1-январына чейин жогорку медициналык билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин лицензиялоого убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилди.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Кыргыз өлкөсүндөгү жогорку билимдүү медициналык кадрларды даярдоочу жогорку окуу жайларынын саны бир кыйла көбөйдү. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында жогорку билимдүү медициналык кадрларды 22 ЖОЖ даярдайт, анын бешөө мамлекеттик жана 17си менчик окуу жайлары.

"Акыркы 5 жылдын ичинде (2016-жылдан 2021-жылга чейин) 12 жылдык билим базасында 5 жылдык окуу мөөнөтү менен англис тилдүү чет элдик жарандар үчүн "Дарылоо иши" программасын ишке ашырган 10 жаңы ЖОЖ ачылды. Учурда медицина тармагына лицензия алуу үчүн арыздарды кабыл алуу уланууда (5 арыз кароодо), алардын бардыгы жетиштүү клиникалык база жана тийиштүү кадрлар менен камсыздалган эмес.

Жогорку окуу жайлары тиешелүү кадрдык, методикалык жана башка ресурстук камсыздоосу жок туруп медициналык программаларга лицензия алууга аракет кылуу тенденциясы байкалууда. Бул жогорку медициналык билим берүүнүн сапатынын кескин төмөндөшүнө алып келген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан