Бишкекте асманга ок чыгарган жаран кармалды (видео)

Бишкекте асманга ок чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда интернетке ыкчам аракет көрүү тобунун (ГБР) кызматкери асманга ок чыгарды деген видео тараган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Анда кызматкер 12-ноябрь күнү саат 03:00 чамасында Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз үлгүдөгү тапанча менен ок чыгарган.

Бүгүн, 24-ноябрда ал адам 2002-жылы туулган Р.Б. экендиги аныкталып, Ленин РИИБине жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KaGaH
2021-11-24 10:10:03
Кебетеси суук кытай го
-1
suban78
2021-11-24 13:02:33
Биз да бара бара афгандарга окшоп кетпесек болду, тойлордо да ок атып жатышат адамдар. Эмне балээ баары эле акылынан кете башташканбы. Тынччылык эле болсун да.
-1
Islam98
2021-11-24 13:54:30
Байкушту подстава кылган го тарткандар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан