Ош шаарында перинаталдык борбор курулат

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Габриэлла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туризм багытында сөз жүрдү. Бул жаатта биргеликте ишке ашырылуучу пландар тууралуу айтылды.
Мэр Алмаз Мамбетов өз сөзүндө Германия өкмөтүнүн демилгеси менен ишке ашырылган үй-бүлөлүк медицина борборунда, "Тез жардам" кызматындагы долбоорлор үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен бирге Ош туристтик шаар экенин белгилеп, Ош жана Мюнхен шаарларынын кызматташуу маселесин көтөрдү.
Габриэлла Геллил Ош шаарында жаңы перинаталдык борбор курула турганын маалымдады. Өз кезегинде Германиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрө турганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан