ЮНЕСКО Кыргыз өлкөсүнүн тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча резолюциясын кабыл алды

ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргыз өлкөсү тарабынан демилгеленген тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюциясы бир добуштан кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул демилге президент Садыр Жапаров тарабынан 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында жарыяланган.

Бардык мамлекеттердин жалпы колдоосу менен Кыргыз өлкөсүнүн резолюциясына ЮНЕСКОнун төмөнкү мүчө-мамлекеттери: Орусия Федерациясы, Швейцария, Өзбекстан, Сербия, Бангладеш, Кытай, Эфиопия, Филиппин, Тунис, Испания, Мадагаскар, Аргентина, Конго Демократиялык Республикасы, Корея, Италия, Беларусь, Кения, Габон, Намибия, Казакстан, Исландия, Улуу Британия, Австрия демөөрчүлүк кылышты.

"Кыргыз Республикасынын бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү тарабынан бул резолюциянын долбоорун илгерилетүү боюнча кеңири эл аралык кампания жүргүзүлдү. Анда аккредитацияланган өлкөлөрдө ар кандай форматтагы презентациялар, резолюциянын мазмуну ЮНЕСКОго мүчө-өлкөлөр менен макулдашуу камтылган.

Резолюциянын негизги максаты – келечек муундарды туруктуу өнүктүрүү принциптеринин негизинде коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрө менен камсыз кылуу, ошондой эле 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер аркылуу тоо мөңгүлөрүнө жана түбөлүк тоңго мониторинг жүргүзүү, изилдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүндөгү көп кылымдык мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгү жок болуп кетүү коркунучунда турат.

ЮНЕСКО өзүнүн компетенттүү чөйрөлөрүндө ишенимдүүлүгүн, ченемдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, тажрыйбаларын пайдалануу менен сектор аралык мамилелерди жана биримдикти чыңдоо аркылуу, тоо мөңгүлөрүн изилдөө жана мониторинг жүргүзүүгө байланышкан маселелерди артыкчылык менен чечүүгө эл аралык коомчулукту бириктире алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан