Бишкекте троллейбустар саат 22:00гө чейин каттамга чыгат

Кыш мезгилине карата борбор калаадагы троллейбустардын иш графиги саат 22:00гө чейин узартылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Троллейбустардын линияга үзгүлтүксүз чыгуусун камсыздоо үчүн техникалык кызматкерлердин иши күчөтүлдү.

Аба ырайынын суукташына байланыштуу (саат 17:00дөн 19:00гө чейин) муниципалдык коомдук транспортту максималдуу чыгаруу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Белгилей кетсек, учурда борбор калаада 130га чукул троллейбус каттамга чыгууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан