UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өлкө башчы Садыр Жапаровго жолугушууда берген белектери үчүн ыраазычылыгын билдирди.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, сонун белектериңиз үчүн рахмат. Шырдак бул улуттук колго жасалган килем, бул жөн эле кыял. Жаа биздин усталарыбыздын кооз жана керкөм эмгеги. Аларга чоң таазим", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Шевченко.
Валентина Шевченко Садыр Жапаров менен 22-ноябрда жолуккан. Жолугушууда өлкө башчы мушкер айымга 1 миллион сомдун сертификатын, апасы Елена Шевченкого шырдак, машыктыруучусуна жаа белекке берген.