"Түндүк электр" ишканасынын башкы директору болуп Нурдин Осмонов дайындалды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, тиешелүү чечим директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Буга чейин аталган кызматты Азамат Кожомкулов аркалап келген.