Темир жолдун Кант-Ивановка бөлүгүндө жыгач шпалдарды темир бетонго алмаштыруу иштери жүрүүдө (сүрөт)

Темир жолдун Кант-Ивановка бөлүгүндө рельстин алдындагы жыгач шпалдарды темир бетонго алмаштыруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, учурда темир жолдун 3811-чакырымында жалпысынан 110 кызматкер ишке тартылган.
"Иш-чара 22-ноябрдан 26-ноябрга чейин 1 чакырым темир жолдун шпалдарын алмаштыруу мерчемге коюлган. Бир даана темир бетон шпалдын салмагы 260 килограмм, бардыгы 1840 даана бетон шпал коюлат", - дешти ишканадан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2021-11-24 21:29:23
Ишинерге ийгилик балдар. Айылды сагынып кеттимгоо...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан