Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, жол тыгыны жаралды (фото)

Бишкек-Ош унаа жолунун 420-чакырымындагы Беке-Чал тилкесинде чиркегичи бар MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, жол кыймылына тоскоолдук жараткан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"Саат 09:00дө унаалар өтө албай жол тыгыны пайда болуп, 500дөн ашуун унаа токтоп тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырдаалды жоюу максатында Кара-Көл шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ иш алып барышууда. Ошондой эле 1 автокран жана 1 автожүктөгүч тартылып, оор жүк ташуучу унаа жол четине чыгарылды", - деп билдиришти ӨКМдан.

Учурда жол бир тараптуу ачылып, унаалар өтүп жатат. Жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Abdizhapar
2021-11-24 13:31:06
Адамдар жукту топтоп журобу же уурдап жатабы?
0
KaGaH
2021-11-24 20:33:24
Abdizhapar,топтоп обочинага чыгардык не переживай
0
Goodyer
2021-11-24 14:51:49
Албагыла кайра чогултуп жардам бергиле андай жерде водитель кандай абалда экенин коруп турасынар
+1
modem4999
2021-11-24 15:28:37
Шоколад окшойт
0
u02u02
2021-11-24 17:31:47
МАN эмес DAF экенго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан