Республика боюнча 10 модулдук вирусологиялык лабораториялар курулуп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтен маалымдашкандай, бул лабораториялык диагностиканы жакшыртууга жана оптималдаштырууга, калктын COVID-19 инфекциясынын диагностикалык тесттерине жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга чоң салым кошот.
"Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондоруна салынып жаткан лабораториялар 60 пайызы даяр. Талас, Ноокат, Ноокен жана Каракол шаарындагылар 20 пайызы бүтүп калды. Ал эми Жалал-Абад, Баткен шаарларына жаңыдан пайдубалы түптөлүп, 10 пайызга иштер аткарылды", - деп жазылат маалыматта.
Аталган вирусологиялык лабораториялар Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында курулуп жатат.